Автор работы: Пользователь скрыл имя, 03 Ноября 2011 в 16:07, реферат
Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, СССР Кинематографтар союзунун мүчөсү жана Кыргызстан театр ишмерлер союзунун мүчөсү Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылдын 12-июлунда Жумгал районунун Чаек айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.
Анткени, Таттыбүбү
жөнүндө канчалык ушак айыңдар айтылбасын,
жараткандын атаа кылган сулуулугунун,
талантынын жанында арык аттап, суу кечпейт.
Албетте, адамдагы улуулуктун жанында
көрпендечилик менен айтылган имиштер
текейге барабар кеп дешет улуу ой жүгүрткөн
улуу адамдар. Ошондуктан Таттыбүбү деген
улуу талант сулуу аяктрисаны эскерип
жатып ал тууралуу арубак ыйык, улуу салыштыруулар
Таттыбүбү деген ысымды кайталатып, жаңылап
турар. Кыргыз театрын, кыргыз сулуулугун
сыйлап, урматтагандар акыры Таттыбүбүнүн
арбагы алдында эсептешкенге де мезгил
келер. Сыйлап алаар муун өсүп чыгаар дейсиң.
Таттыбүбү Турсунбаеванын
тагдыры өтө катаал келип, ал мезгилинен
эрте кеткен өлүмү менен бүткөн.
Кандай болгондо да ушак-айыңдар, көралбастыктар
кезинде Таттыбүбүгө
Балким Таттыбүбүдөй
сулуу ары кыйын талантты барктай
алган, сыйлай алган бир эркек
тагдырына туш келгенде кандай болот
эле дейсиң? Сулуунун сулуудай түйшүктүү
жүгүн көтөргөн эркек ар бир тагдырга
буюра бербейт эмеспи. Анынсыңарындай
киноактёр Болот Бейшеналиев менен Таттыбүбү
Турсунбаева экөө Ак мөөр менен Болоттун
ролун сахнада эмес турмушта жаратыптыр
дейсиң. Эки зор таланттардын эки башка
тагдыры, бирикпеген өмүр жолдору өзүнчө
бир сырдуу, табышмактуу . Жаш кезинен
жакын болгон Болот Бейшеналиев, Таттыбүбүнүн
колун сураган экен. Эмнегедир Таттыбүбү
макул болбогон деген кептер бар. Балким
бул экөө биригип калса бири-биринин кадырына
жетет беле деген кеп.
Таттыбүбү сулуу
жана таланттуу гана болбостон жагымдуу
жаркылдаган мамилеси кимди да болбосун
өзүнө тартып турчу экен. А, театр
өнөрүндөчү? Ошондой мүнөздөрү сахнада
болобу экранда болобу түрдүү образдарды,
түрдүү жагдайдагы мүнөздөрдү жаратууда
диапозону кеңейип, зор тажрыйбага жетишкенде
кете бергени да өзүнчө сыр. Ал ойногон
каармандардын образдары бири-биринен
айырмаланып турчу экен. Бирдей образдарды
жарата берсе ал өзүн-өзү туурап, аткаруу
ыкмасы шаблонго айланат деп түшүнгөн.
Андыктан ар кандай мүнөздөрдү изденүү
менен жараткан. Чыгармачылыкта көп кырдуу
талантка сулуулугу шыкак берип, өнөр
секисине эрте жеткенге шарт түзгөн. Демек
андай адам өзү да башкалардан ошондой
мамилени күтүп, жаркылдаган, жагымдуу,
карамдуу мамилеге муктаж болуп турары
бышык.
Дегеле кыргыз искусствосу
менен адабиятында таланттуу
инсандардан мезгилинен эрте ажыраганы
өзүнчө эле бир кайгылуу көрүнүш.
Айтсак: “ Бакен Кыдыкеева, белгилүү бийчи
Бүбүсара Бейшеналиева сыяктуу таланттар
бул жарыкчылыктан эмнегедир эрте чарчагандай
ой келет”- дейт бир өнөр адамы. Анысы
мейли, өмүрдү узартуу, ажалдан алып калуу
колдон келбес дечи. Колдон келгенин айтсак,
жамы кыргыз элин арманга салган Таттыбүбүнүн
сөөгү эмне себептен “Ала-Арчага” коюлбады
десең? Же бул дагы колдон келбейт беле?
Бул суроо кимди да болбосун жүрөгүн мыкчып,
сарсанаага салып келет.
Ушундай чолок ойго
чулганган көкүрөгү сокур билермандардын
кылганы кыргыздын кендирин кесип келгени
келген. Таттыбүбүнүн сөөгү Орок айылындагы
адырга коюлган. Бир тууганы Нуркан Турсунбаев
арман-пышманын дене боюна сыйдырып көтөрүп,
Таттыбүбүнүн атын өчүрбөшкө аракет жасап
келет. Ушул жылдын күзүндө Таттыбүбүнүн
эстелиги коюлуп, улуу актрисанын күндөрүн
өткөрүүнү белгилеп жатабыз дейт Таттыбүбү
атындагы коомдук фонддун жетекчиси Жыпар
Турсунбаева.
Акын Жолон Мамтыовдун
Таттыбүбүнү эскерип жазган ырына
кезек берели:
- Көргөн көрөр узун өмүр пайдасын
Бирок айтчы сен өлбөстүк кайдасың
Зор сахнаңда ойнотконуң ойноткон
Ажал талант убакыттын
кармашын
Ай чырайлуу жумур дене Жоконда
Кыргызымда бир жаралган экен да
Бир эркелеп бул турмуштун шаңына
Эл күзгүгө бир
каранган экен да
Акын Жолон Мамытовдун
ыр саптарында Таттыбүбү Турсунбаевадай
мыкты таланттардын жаздым болушу эчен
сонун образдардын ачылбай
Ошентсе да элдин
эсинен күнү бүгүнкүдөй чыкпаган актрисанын
өмүрү легендага айланган өмүр. Ошондон
ал аз жашаганы менен талант катары ары
сулуу адамгерчилиги бийик айым улуу актриса
эл оозунда кылымдар бою өчпөй жашап калары
шексиз. Бул мааниден алганда Таттыбүбү
саз жашады десе болот. Балким адам болуп
төрөлүп, адам болуп өлүү ушул Таттыбүбү
сыяктуу ички дүйнөсү назик таза сулууларга
буюргандыр деген ой келет. Ошондон улам
жаратылышы таза инсандар бул жалган дүйнөнүн
оош-кыйыш соккуларына туруштук бералбай
эрте кететтир.
И. Арабаев атындагы
Кыргыз Мамлекетинин Университети
Корком маданият жана билим бeруу факультети
Технология
жана ишмердулук
Реферат
Тема: Таттыбүбү
Турсунбаеванын кыскача
өмүр баяны
Дандыбаева Айсулуу Э.
Текшерген:Абышбаева
А.А.
Бишкек 2011
Информация о работе Таттыбүбү Турсунбаеванын кыскача өмүр баяны